Тендер

“Пандемия мууну” мини-сериалынын өндүрүшү

Internews in Kyrgyzstan

Печатная продукция | Издательство | Фото/видео услуги
Крайний срок: 15/10/2020


Интерньюс СOVID-19 боюнча долбоордун алкагында “Пандемия мууну” аттуу мини-сериалдын өндүрүшүнө тендер жарыялайт. Ал Кыргызстанда жашаган түрдүү адамдардын пандемия Sars-Cov-2 маалындагы жашоосун көрсөтүүгө арналган.

Долбоор тууралуу

Тобокелдик-коммуникациялары боюнча кыска мөөнөттү долбоор Кыргыз Республикасындагы #USAID-дин сурамы боюнча өкмөттүн #СOVID-19 менен күрөшүүсүндөгү аракеттерин колдоого багытталган.

Сунушталган ыкчам чаралар жана колдоо пандемия жана мамлекеттеги өзгөчө абал туурасында сапаттуу маалыматтын өндүрүүсүн жогорулатууга жол берип, СOVID-19 таасирин кандайча алдын алып, жеңүү керектиги, пандемия маалында жалган маалыматка каршы күрөшүү туурасындагы анык маалыматка жеткиликти камсыздамакчы.

Техникалык тапшырма

Аталган долбоордун максаттуу аудиториясы – жаштар. Сериал үй-бүлө менен көрүүгө арналган.

Тематикасы, сюжети жана аудитория кластерлери КРнын социодемографиялык сүрөтүн бериши керек: айыл жергесинде жашаган калк пайызы, мигранттар саны, ата-энелер жана балдар үлүшү ж. у. с.

Сюжеттериндеги сөзсүз нерселер:

  • пандемия маалында түрдүү топтор туш болгон социалдык маанидеги чакыруулар мисалдарын колдонуу жана түрдүү адамдар кандайча кыйынчылыктарды жеңгендиги туурасында кабар берүү;
  • сюжетке актуалдуу социалдык диалогдорду кийрүү;
  • учурда орун алган стигмалардын маанисиз экендигин ачып берүү;
  • коомдун каалаган өкүлдөрүн басмырлоону жоюу жана адамдардын тең укуктуулук жаатындагы Конституция ченемдерин сактоо;
  • эфирге чыгуусунда эмоционалдык контексти эске алуу.

Ар кыл топтордун кызыкчылыктарынын жакшыраак берилиши үчүн ошондой эле кийинкилер караштырылат (бирок чектелбейт):

  • вертикалдуу сериал (бири-бири менен байланышпаган сюжеттик багыттар) жана вертикалдык-горизонталдык сериалдар (ар бир сериясы сюжетти бүтүрүп, бардык сюжеттер кайсы-бир фактору менен байланышкан) идеялары. Бул учурда аудиовизуалдуу контенттин бирдиктүү стилистикасынын сакталышы милдеттүү;
  • ар кыл өндүрүш топторунун жамааттык арыздары кабыл алынат, бул съемкалардын ылдамдыгын камсыздап, өзгөчө абал маалындагы социалдык аралыкты сактоо шартындагы белгисиздикти башкарууга жол бермекчи.

Хронометражы10 серия.

Ар бир сериясы эң аз дегенде 30 –эң көп дегенде 60 мүнөт.

Бир нече тизери.

Пландаштырылган жайылтуусу:

  1. Телекөрсөтүү.
  2. Онлайн.

Сериал тиликыргыз жана орус.


Катышуу

Катышууга арыз берүү үчүн 2020-жылдын 15-октябры саат 18:00гө чейин форманы толтуруу керек.

Арыз формасы бул жердеhttps://docs.google.com/forms/d/1kladuF4L-cNTiuc0S4eEBHy7RR8HhL13Csy3-SaBoNU/edit?usp=sharing

Тандоо критерийлери

Тандоо 100-упайдык система боюнча өтөт:

  1. 40 упай сапаттуу аудиовизуалдуу контентти түзүүсү үчүн берилет.
  2. Эң көп дегенде 10 упай – эл аралык сыйлыктары үчүн.
  3. 20 упай – бюджети.
  4. 30 упай – сериал идеясы жана анын көрүүсү.

Баштапкы тандоодон кийин андан ары катышууга кызыкдар бир нече кыйла квалификациялуу талапкер кийинкилерди тапшыруусу керек болот:

  1. Толук бюджетин.
  2. Бир сынактык сериясынын сценарийин.
  3. Негизги билдирүүсү жана сюжети менен ар бир сериясынын толук сүрөттөлүшүн.
  4. Презентациясын.

Маалыматтык жолугушуу

Бардык кызыкдар тараптар үчүн 2020-жылдын 2-октябрында саат 11.00дө Zoom платформасында маалыматтык жолугушуу өтөт.

Катышуу үчүн кийинки форманы толтуруу керек:

Катталуу формасы бул жердеhttps://forms.gle/71A6DEEfpskYyX736

Аталган тендер менен байланышкан бардык кызыктырган суроолор боюнча kg-info@internews.org электрондук дареги боюнча кайрылууга болот.

 

Нет прикрепленных файлов


Вверх