Конкурс

Айылдын таза суу системасын жакшыртууга материалдык колдоо көрсөтүү

ОФ Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS)

Сельское хозяйство | Животноводство | Благоустройство и озеленение
Крайний срок: 21/06/2021


FSDS Коомдук фонду – Кыргызстанда 2014-жылы негизделип, калктын жашоосун адилет экономикалык өнүктүрүү аркылуу жакшыртууга өз салымын кошуп келет. FSDS Коомдук фонду айылдардын таза-суу системасын куруу же оңдоо иштерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында, кызыкдар болгон жергиликтүү бийлик органдарын “Таза-суу” долбооруна катышууга чакырат.

Долбоорго катышуунун талаптары:

  1. Кыскача негиздеме;
  2. Айылдын таза суу системасы мамлекеттин же башка донорлордун таза-суу боюнча каржылоосунда толугу менен каралбаган болуш керек;
  3. Толук техникалык документациялардын бар болушу;
  4. Санитардык шайкештик;
  5. Таза-суу системасынын туруктуулугун камсыз кылуунун далили;
  6. Өздүк салым.

Көрсөтүлгөн талаптар боюнча толук маалымат тиркелген Тиркеме 1де берилген.

ФСДС Коомдук уюму төмөнкү учурларда колдоо көрсөтө албайт:

  • Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса;
  • Акчалай жардам сурап кайрылган учурларда;
  • Техникалык документацияны даярдоого;
  • Уруксат берүүчү документтерди же макулдашууларды алууга;

Тиркелген Тиркеме 1 форматын толтуруп, каттын темасын «Таза-Суу» деп белгилеп, 2021-жылдын 21-июнунун саат 18:00 чейин office@fsds.kg дарегине жиберүү зарыл. Суроо жооптор үчүн 0550 780 821 же 0550 780 825  номерлери менен байланыша аласыз.

Эскертүү: Каттардын көп болгондугуна байланыштуу документтер почтага келип түшкөндүгү тууралуу тастыктоо берилбейт. Тандалып алынган гана долбоорлор менен байланышуу мүмкүн болот.

Прикрепленные файлы:


Вверх