Конкурс

АЙЫЛДЫН ТАЗА СУУ / СУГАТ СУУ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУГА МАТЕРИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ

ОФ Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS)

Исследование | Опрос | Анализ | Проекты | Оценка Разное Строительство и монтаж | Оборудование и материалы | Инженерные системы
Крайний срок: 31/01/2024


АЙЫЛДЫН ТАЗА СУУ / СУГАТ СУУ СИСТЕМАСЫН ЖАКШЫРТУУГА МАТЕРИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ

Fair and Sustainable Development Solutions (FSDS)

FSDS Коомдук фонду – Кыргызстанда 2014-жылы негизделип, калктын жашоосун адилет экономикалык өнүктүрүү аркылуу жакшыртууга өз салымын кошуп келет. FSDS Коомдук фонду айылдардын таза-суу /сугат суу системасын куруу же оңдоо иштерине материалдык колдоо көрсөтүү максатында, кызыкдар болгон жергиликтүү бийлик органдарын “Таза-суу” /сугат суу долбооруна катышууга чакырат.

Долбоорго катышуунун талаптары:

  1. Кыскача негиздеме; (Тиркеме 1)
  2. Айылдын таза суу / сугат суу системасы мамлекеттин же башка донорлордун таза-суу / сугат суу боюнча каржылоосунда толугу менен каралбаган болуш керек;
  3. Толук техникалык документациялардын бар болушу;
  • Айылдын жалпы абалынын планы (рельеф планы). (Тиркеме 2)
  • Реабилитация жүрүүчү жайдын координаттары (Тиркеме 3)
  • Иш алып баруу долбоору
  • Мүлктүн реестри (жер участогуна менчик укугун ырастоочу документ)
  • Архитектуралык-пландоо шарттары жана инженердик-техникалык шарттар документтери (АПУ жана ИТУ)
  • Долбоордун жалпы чыгымы – деталдуу сметасы
  • Суу системысынын жана реабилитация жүргүзүлүүчү объектинин сурөттөрү
  1. Санитардык шайкештик;
  2. Таза-суу /сугат суу системасынын туруктуулугун камсыз кылуунун далили;
  3. Өздүк салым.

 

Көрсөтүлгөн талаптар боюнча толук маалымат тиркемелерде берилген.

FSDS Коомдук уюму төмөнкү учурларда колдоо көрсөтө албайт:

  • Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса;
  • Талап кылынган документтер толук болбосо;
  • Акчалай жардам сурап кайрылган учурларда;
  • Техникалык документацияны даярдоого;
  • Уруксат берүүчү документтерди же макулдашууларды алууга;

Талап кылынган документтериди толтуруп, каттын темасын «Таза-Суу / Сугат Суу» деп белгилеп, 31.01.2024 саат 17:00 чейин office@fsds.kg дарегине электрондук вариантын, ал эми документтердин копияларын Бишкек ш., Бөкөнбаев көч., 204, 3 кабатта жайгашкан FSDS Коомдук фондунун офисине жиберүү зарыл. Суроожооптор үчүн дүйшөнбү-жума күндөр аралыгында саат 09:00дан 17:00 чейин 0550 780 837 номери менен байланыша аласыз.

Эскертүү: Каттардын көп болгондугуна байланыштуу документтер почтага келип түшкөндүгү тууралуу тастыктоо берилбейт. Тандалып алынган гана долбоорлор менен байланышуу мүмкүн болот.


Вверх