Запрос на выражение заинтересованности

СУНУШ-ДЕМИЛГЕЛЕРДИ ТАПШЫРУУГА ЧАКЫРУУ: Аялдардын жана жаштардын, микро жана чакан ишканалардын ишкердигин өнүктүрүүнү колдоо

ACDIVOCA

Исследование | Опрос | Анализ | Проекты | Оценка
Крайний срок: 31/05/2024


USAID тарабынан колдоого алынган жана Кыргыз Республикасындагы Chemonics International тарабынан ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы «Агросоода» долбоору жумуш орундарын түзүүгө, кошумча нарк чынжырчаларын чыңдоого жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Долбоордун максаттарына өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, кайра иштетүү өнөр жайын модернизациялоо, ишканалардын ортосундагы эл аралык бизнес байланыштарын чыңдоо, финансыга жетүүнү жеңилдетүү жана жеке сектордун пайдасына саясий реформаларды колдоо кирет.
2022-2023-жылдары «Агросоода» долбоору «Агро Айым – Агро Жаштар» насаатчылык программасын ийгиликтүү өткөрдү, ага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айыл чарба тармагынан 200дөн ашык аялдар жана жаштар катышты. Программанын жыйынтыгында катышуучулардын бизнес-процесстери олуттуу жакшырды, анын 65 пайызы сатуунун, жүгүртүүнүн, кардарлардын санынын көбөйгөнүн, өздүк нарктын төмөндөшүн жана жаңы өнүмдөрдү киргизүүнү билдирди. Мурунку программанын ийгилигин эске алуу менен Долбоор насаатчылык программасы аркылуу аялдар жана жаштар жетектеген бизнести колдоону улантуу ниетинде.
Долбоор аялдар жана жаштар 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жетектеген, же аларга таандык болгон, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айыл жергесиндеги микро, чакан жана орто ишканалардан сунуш күтөт. Насаатчылык программа жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө, кирешелердин өсүшүнө, иштеп жаткан бизнестин кеңейишине жана бизнес ээлеринин башкаруучулук дараметинин өсүшүнө өбөлгө түзүүгө тийиш.

Сунуш-демилгелерди тапшырууга чакыруунун максаттары: Жол көрсөтүүчү, кеңеш жана колдоо берүүчү тажрыйбалуу насаатчылардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу аял жана жаш ишкерлердин, айылдык жана башка аймактардагы микро, чакан жана орто ишканалардын өсүшүн жана өнүгүшүн колдоо.

Жеткиликтүү ресуртар USAIDдин «Агросоода» долбоору бере ала турган ресурстар
Программанын катышуучулары:
• ишкерлик көндүмдөрүн жакшыртышат жана өз бизнесинин натыйжалуулугун, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатышат.
• тандалган бизнес тармактарындагы квалификациялуу эксперттерден жетекчилик, кеңеш жана колдоо алышат.
• өз билимдеринин жана көндүмдөрүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн актуалдуу бизнес темалар боюнча тренингдерге катышат.
• өз байланыштарын жана колдоо тармагын кеңейтишет: туруктуу колдоо жана ресурстар менен камсыздоо.
• Кайтарым байланыш жана жакшыртуу: программанын натыйжалуулугун баалоо үчүн пикирлерди жыйноо.

Программада катышуу үчүн милдеттүү критерийлер:
a) Талапкерлер Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айыл жерлеринде жайгашкан чакан жана орто ишканалардын (ЧОИ) ээси же жетекчиси болууга тийиш.
b) Аялдар (курагы чектелбейт) же 18 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жаштар катыша алышат.
c) Талапкерлердин ишканалары иштеп жаткан жана өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк издеп жаткан болууга тийиш.
d) Сунушталуучу насаатчылык программа жаңы жумуш орундарын түзүүгө, кирешелерди көбөйтүүгө, иштеп жаткан бизнести кеңейтүүгө жана бизнес ээлеринин башкаруучулук дараметин жогорулатууга багытталууга тийиш.
e) Талапкерлер насаатчылык программага катышууга кызыкдар экенин жана тажрыйбалуу менторлордун жетекчилигин, кеңештерин жана колдоосун колдонууга даяр экенин көрсөтүүгө тийиш.
f) Талапкерлер өз көндүмдөрүн жана билимдерин жакшыртуу үчүн тиешелүү бизнес темалар боюнча тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.
g) Талапкерлер Ɵтүнмө берүүгө чакыруунун (ƟБЧнин) документациясында чечмеленген программанын бардык талаптарын жана эрежелерин сактоого тийиш.
h) Негизги ишмердиги айыл чарбасы же агробизнес менен байланыштуу болгон талапкерлерге артыкчылык берилет.

Программада катышууга каралбаган уюмдар:
a) Саясий партиялар, бирикмелер же мекемелер, же алардын туунду жана аффилирленген уюмдары
b) Антидемократиялык саясатты же мыйзамсыз ишмердикти колдогон уюмдар
c) Негизги ишмердиги диний болуп эсептелген диний уюмдар.

Сунуш-демилгелерди берүүнүн мөөнөтү

Сунуш-демилгелерди чогултуу чакыруусу жарыяланган күндөн баштап баардык сунуштар 2024-жылдын 31 май чейин кабыл алынат.
Сунуштарды орус, кыргыз же англис тилиндеги электрондук версиясын USAIDдин «Агросоода» долбоорунун өкүлүнө: kyrgyzstanrecruitment@acdivoca.org электрондук почтасы аркылуу каттын темасын «Менторлук программа» деп атап жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.


Вверх