Конкурс

СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДОО СИСТЕМАЛАРЫН КУРУУГА/ОҢДООГО МАТЕРИАЛДЫК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН АРЫЗ КАБЫЛ АЛУУ

"Общественный Фонд FSDS"

Разное
Крайний срок: 02/12/2024


“Fair and Sustainable Development Solutions” (FSDS) Коомдук фонду регионалдык ыкмаларды колдонуп, өз программаларын жана долбоорлорун жергиликтүү бийлик органдары менен өнөктөштүктө ишке ашырат. FSDS Фондунун миссиясы — аялуу катмардагы адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатуу, алардын социалдык интеграциясына жана адилеттүү экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү.

Үч жылдык долбоордун алкагында, FSDS Фонду коомдордун тамактануу сапатын жакшыртууга багытталган долбоорду ишке ашыруу үчүн, кызыкдар жергиликтүү бийлик органдарын айылдык ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын курууга же оңдоого материалдык колдоо көрсөтүү үчүн арыздарды кабыл алуу жарыялайт.

Арыз берүү талаптары:

  1. Негиздеме (эмне үчүн колдоо керек, ал кандай маселелерди чечет, таза суу менен камсыздоо жана санитардык шарттарды кантип жакшыртат);
  2. Даяр техникалык документация:
    • Архитектуралык чиймелер (бекитилген);
    • Смета;
    • Мамлекеттик органдардын расмий уруксаты;
    • Жергиликтүү тургундардын жана/же жергиликтүү кеңештердин макулдугу;
    • Башка кошумча документтер (эгер бар болсо).
  3. Санитардык талаптарга шайкештик:
    • Ичүүчү сууга санитардык-эпидемиологиялык талаптардын болушу (мисалы, хлоратор, озонатор, УФ). Бул шарт техникалык документацияда көрсөтүлүшү керек;
    • Калкты ичүүчү суу менен камсыздоодо санитардык нормалардын сакталышы боюнча тиешелүү кызматтардын корутундусу жана уруксаты.
  4. Долбоордун туруктуулугу: калыбына келтирилген суу менен камсыздоо системасынын туруктуулугун камсыздоо үчүн төмөнкүлөр болушу керек:
    • Жергиликтүү суу менен камсыздоо башкаруу системасынын иштеп чыгылышы (бекитилген тариф, башкаруучу персонал (СООППВ же муниципалдык мекеме), акча чогултуу системасы ж.б.).
  5. Өз салымы: кошумча салым коомчулуктун мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Ар бир коомчулук өзүнчө каралат. Бирок, кошумча салым долбоордун жалпы наркынын 20% кем болбошу керек. Өз салымы акчалай болушу керек жана ал FSDS Фондунун кассасы аркылуу өтүшү шарт.

FSDS коомдук фонду төмөнкү учурларда жардам көрсөтпөйт:

  • Акчалай колдоо көрсөтүү;
  • Долбоордук жана техникалык документацияны даярдоого жардам берүү;
  • Уруксат берүүчү документтерди жана/же макулдашууларды алуу;
  • Акт кабыл алуу өткөрүп берүү.

Арыз кароого алынбайт, эгерде:

  • Жогоруда айтылган талаптарга жооп бербесе;
  • Жарнамада көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлбөсө жана белгиленген мөөнөткө чейин тапшырылбаса;
  • Бардык зарыл документтер камтылбаса.

Арызды жана башка талап кылынган документтерди электрондук форматта, каттын темасына «Айылдык ичүүчү суу системасын оңдоо боюнча арыз» деп белгилеп, Бишкек шаары, Боконбаев көчөсү 204 дарегине 2-декабрь, 2024-жыл, саат 18:00-гө чейин жеткирүү керек, ошондой эле электрондук вариантын office@fsds.kg  дарегине, жана кошумча daniyar.jasoolov@fsds.kg  дарегине жөнөтүү керек.

Эскертүү:

  • Келген билдирүүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу, ОФ FSDS документтердин кабыл алынганын тастыктап бере албайт.
  • Тандалып алынган гана арыздар электрондук почта аркылуу кабарлануу каттары жана кызматташууга чакыруу жөнөтүлөт.

Вверх