Грантовый конкурс

Гранттык өтүнмөлөрдү жарыяло

East-West Management Institute

Исследование | Опрос | Анализ | Проекты | Оценка Разное
Крайний срок: 01/08/2024


USAIDдинУкук Булагыдолбоору 

Гранттык өтүнмөлөрдү жарыялоо №02 

Жарандардын мамлекеттик жөлөкпулдарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана документтерди алууга жардам берүү үчүн грант 

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган USAID «Укук Булагы» долбоору (УБ) сот адилеттиги тутумунун, ошондой эле башка негизги мамлекеттик институттардын ачыкайкындуулугун жана отчеттуулук жоопкерчилигин бекемдөөгө багытталган. Долбоордун максаттары сот адилеттиги тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, сот адилеттиги тутуму менен коомдун ортосундагы байланышты чыңдоо, ачыкайкын жана жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. 

“Укук Булагы” долбоору “элге багытталган адилеттүүлүк” ыкмасын колдонот. Бул ыкма адамдардын адилеттүүлүк тутумундагы укуктук муктаждыктарын жакшыраак түшүнүү жана ошол муктаждыктарга жооп берген инклюзивдик кызматтарды көрсөтүүнү илгерилетүү үчүн маалыматтарга  негизделген. Долбоор укуктук кызмат көрсөтүүчүлөргө системалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдоо көрсөтүүнү камсыз кылат. Долбоордун иши төрт максатка негизделген: 

  •  Адилеттүүлүк институттары  менен  коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо; 
  • Мамлекеттик кызматтардын ачык айкындуулугун илгерилетүү; 
  • Сот системасынын жана сот органдарынын көз карандысыздыгын бекемдөөгө көмөктөшүү; 
  • Адилеттүүлүктүн жана укуктук кызмат көрсөтүүнүн  сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу. 

 

УБ Ош жана Ысык-Көл облустарынын, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын жарандык коом уюмдарын (ЖКУ) жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана документтерди алууга көмөктөшүүгө багытталган долбоордук сунуштарды берүүгө чакырат. Пилоттук аймактар катары төмөнкүлөр каралат: 

1) Ош облусунун Ноокат району  

2) Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары 

3) Ысык-Көл облусунун Тоң району. 

Гранттык долбоорлордун максаты –  жарандар үчүн жөлөкпулдарды алуу үчүн кайрылуунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жана негизги тоскоолдуктарды азайтуу, анын ичинде керектүү документтерди алуу процессин оптималдаштыруу аркылуу  даректүү социалдык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.  

Гранттык өтүнмөлөрдүн күтүлгөн концепциясы төмөнкү милдеттерди камтыйт, бирок алар менен чектелбейт: 

1-милдет: Социалдык кызматтарды жана документтерди алууда жарандар туш болгон негизги тоскоолдуктарды аныктоо. 

  • Күтүлгөн натыйжалар 1: Жөлөкпулдарды берүү практикасын  жана ченемдик жактан жөнгө салууну анализдөө  кызматкерлер жана жарандар туш болгон негизги тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды аныктайт. Анализдин натыйжалары даректүү жардам көрсөтүү процессин жөнөкөйлөштүрүү жана жеңилдетүү үчүн негиз болот. Иштелип чыккан сунуштар жөлөкпулдарды берүү процессин натыйжалуу жана жарандар үчүн жеткиликтүү кылууга жардам берет. 

2-милдет: Жөлөкпулдарды жана документтерди берүү процессин жакшыртуу боюнча маалымат алмашуу жана иш-аракеттерди координациялоо үчүн  ЭСКММ (МТСОМ) ,  СӨМ (МЦР),  ЖӨБО (ОМСУ)  РМА (РГА)  ортосундагы  өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө көмөк көрсөтүү.   

Күтүлгөн натыйжалар 2:  

  • Окутуудан өткөн кызматкерлер  калк арасында иштөө боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүү менен, өз иштерин оптималдаштыруу үчүн жаңы аспаптарды (инструмент) жана билимдерди колдоно башташат. Бул жарандар менен өз ара аракеттенүүнүн жакшырышына жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын жогорулашына алып келет. 
  • Мындан тышкары, мамлекеттик органдар кызматташууну чыңдап, биргелешкен аракеттер менен укуктук маселелерди натыйжалуу чече башташат. Мындай өз ара аракеттенүү жарандарга тезирээк жана сапаттуу жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, бул долбоордун жалпы максатына өбөлгө түзөт. 

3-милдет: Калктын социалдык укуктар жана документтерди алуу боюнча укуктук билимин жогорулатуу. 

Күтүлгөн натыйжалар 3: 

  • Жарандардын социалдык жөлөкпулдар жана документтер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу. 
  • Жөлөкпулдарды жана документтерди кароодо каталарды жана кечиктирүүлөрдү азайтуу. 
  • Жөлөкпулдар жана документтер жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына жарандардын канааттануусун жогорулатуу. 
  • Маалыматтык ресурстарга  кирүүнүн жана консультацияларга кайрылуулардын санынын көбөйүшү. 
  • Жөлөкпулдарды жана документтерди берүү тутумуна  ишенимдин деңгээлин жогорулатуу.   

Долбоордук билдирүүнүн ийгиликтүү болушуна кепилдик катары төмөнкүлөр зарыл: 

  • Долбоордук сунуш пилоттук райондордун жок дегенде биринде социалдык маселелерди чечүүгө кандай таасир этээрин деталдуу түрдө баяндоо; 
  • Мамлекеттик жөлөкпулдарды жана документтерди алууга жарандардын жеткиликтүүлүгүнө карата сунушталып жаткан иш-чаранын күтүлүп жаткан таасирин кеңири баяндоо, кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү натыйжаларды чагылдыруу; 
  • Гранттык мөөнөт аяктагандан кийин сунушталган иш-чаралардын туруктуулугун көрсөтүү. 

УБ иш-аракеттердин төмөнкү түрлөрүн камтыган өтүнмөлөрдү карабайт:  

  • Белгилүү бир саясий партиянын атынан колдоо көрсөтүү же  идея жайылтуу 
  • Диний ишмердүүлүк;  
  • Гуманитардык ишмердүүлүк;  
  • Теориялык изилдөөлөр;  
  • Курулуш иштеринин баары. 

 

ГРАНТТАРДЫН  БЮДЖЕТИ 

УБ бул конкурстун алкагында пилоттук аймактардын ар биринде бирден, эки гранттык өтүнмөнү колдоону пландаштырууда. Ар бир өтүнмө боюнча гранттын максималдуу суммасы 10 айга чейинки долбоордун мөөнөтү менен 25,000 АКШ долларын түзөт. Гранттык каражаттар долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз байланышкан иш-чараларга гана пайдаланылышы мүмкүн. УБ берилген өтүнмөлөрдүн  кайсы бирин же , бирин гана каржылоо укугун өзүнө калтырат. 

КАРЖЫЛОО АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ 

Укук булагы төмөнкү өтүнмөлөргө артыкчылык берет:  

  1. Бишкектен тышкаркы аймактарда жайгашкан  ЖКУларды (ОГО) же жогоруда көрсөтүлгөн пилоттук аймактарда жайгашкан ЖКУнун аймактык бөлүмдөрүн көрсөтүү;
  2. Аялдардын жана кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасоо жана аялдардын, кыздардын, жаштардын, этностук же диний азчылыктардын же башка маргиналдашкан топтордун долбоордук иш-чараларга олуттуу катышуусун камсыз кылуу;
  3. Жамааттар жана региондор боюнча өз ара кызыкчылык туудурган маселелерди жана/же жергиликтүү жана улуттук актуалдуу маселелерди чечүүгө умтулган коалицияларды түзүү; 
  4. Жарандарды, мисалы, онлайн порталдар/ресурстар аркылуу тартуу үчүн технологияны инновациялык колдонууну киргизүү;
  5. 5. Волонтердук же инновациялык каражат чогултуу демилгелери сыяктуу катышуучулардын милдеттенмелерин жогорулаткан компоненттерди кошуу. Бул краудфандингди – көп сандагы адамдардан чакан акчалай салымдарды чогултуу аркылуу долбоорду же иш-чараны каржылоо практикасын камтышы мүмкүн;
  6. Келечекте аларды башка региондордо минималдуу ресурстар менен көбөйтүүгө болот жана бир топ туруктуу келет;
  7. Ийгиликтүү эл аралык тажрыйбадан алынган сабактарга жана жергиликтүү ЖКУлар (ОГО) ишке ашырган иш-чараларга негизделген креативдүү ыкмалар сунушталат.

АЛГЫЛЫКТУУЛУК КРИТЕРИЙЛЕРИ 

Кыргыз Республикасында катталган ЖКУлар бул конкурска катышуу үчүн өтүнмө берүүгө укуктуу.   

Өтүнмө берүүчү уюмдар төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:    

  • Кеминде бир жылдык иш стажы бар болушу керек. Адатта, УБ баштапкы каржылоону камсыз кылбайт, бирок сейрек учурларда эгерде уюмдун жетекчилигинин жетиштүү тажрыйбага ээ экендигин жана уюм мурда жетишсиз тейленген уяны толтурууга жөндөмдүү  экендиги боюнча жетиштүү далилдер менен келтире алса  каржыланышы мүмкүн; 
  • Жетекчиликти туура ротациялоого   жок дегенде, Байкоочу кеңешти, төраганы жана аткаруучу директордун ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү мүмкүндүк берген башкаруу структурасына ээ болуусу керек. Байкоочу кеңештин төрагасынын жана аткаруучу директордун кызматтарын бир эле адам ээлебеши керек, эгерде уюмдун өлчөмү ушундайча бөлүнбөсө. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге жооп бербесе, өтүнмө ээси бул стандарттарга жооп бере турган сунуш кылынган реформалоо процессин да тапшырышы керек; 
  • Кыргызстандын мыйзамдарына жана Финансылык эсептин эл аралык стандарттарына (МСФУ) ылайык келген ачык-айкын бухгалтердик эсеп системасына ээ болуу. Эгерде мындай система жок болсо, грант алуучу  Укук булагынын  кеңсеси менен тыгыз иштешип, так финансылык башкарууну жана ачык-айкын бухгалтердик эсеп системасын иштеп чыгууга тийиш;    
  • Мамлекетке же жеке финансы институттарына карызы жок болушу керек. Эгерде карызы бар болсо, арыз берүүчү уюм УБ гранты боюнча акча каражаттарынын биринчи төлөмүн алганга чейин өкмөткө болгон кандайдыр бир карызын жоюуга же карызды өндүрүүнү уюштурууга тийиш; 
  • Көз карандысыз, саясатка тиешеси жок уюмдар катары иштеши керек; 
  • АКШнын федералдык каржылоосун алуу укугунан ажыратылбаган болушу керек. 
  • Мамлекеттик кызмат адамдары, саясий жактан дайындалгандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук телерадиоберүүлөрдүн кызматкерлери жана/же саясий партиялардын лидерлери гранттык долбоорго директор же гранттык каражаттардын эсебинен сый акы алуучу   катары катыша албайт. 

  

ӨТҮНМӨ БЕРҮҮ ТАРТИБИ  

УБ өтүнмөлөрдү  англис жана орус же кыргыз тилдеринде кабыл алат. Өтүнмөлөрдү почта, электрондук почта аркылуу жөнөтсө болот же Бишкек шаарындагы УБ кеңсесине жеке өзү тапшырса болот. Факс аркылуу жөнөтүлгөн өтүнмөлөр кабыл алынбайт. 

Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышы керек:  

  • Өтүнмө формасынын жана долбоордун бюджетинин көчүрмөсү; 
  • Уюмдун катталгандыгы жөнүндө акыркы күбөлүктүн көчүрмөсү; 
  • Уюмдун жылдык отчетунун көчүрмөсү, финансылык да, техникалык да (эгер бар болсо) же бул документтерди табууга мүмкүн болгон онлайн шилтемеси көрсөтүлөт;
  • Уюмдун жылдык отчетунун көчүрмөсү, финансылык да, техникалык да (эгер бар болсо) же бул документтерди табууга мүмкүн болгон онлайн шилтемеси берилет; 
  • Тиешелүү мамлекеттик органдан (органдардан) же ЖМКдан колдоо каты, эгерде өтүнмө ээси мамлекеттик кызматкерлер же ЖМК кызматкерлери менен иштешүүнү пландаса;
  • Толтурулган гендердик жана коммуникациялык чек-баракчалары; 
  • Өтүнмө берүүчү уюмдун жигердүү sam.gov системасындагы каттоосу жана идентификациялык номуру (Unique Entity ID)  болушу керек. 

Акыркы чечимди кабыл алганга чейин   Укук булагы  кошумча документтерди талап кыла алат, мисалы: 

  • Аудит боюнча отчет;
  • Финансылык отчеттор (бухгалтердик баланс, акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет, чыгаша жана киреше жөнүндө отчет ж.б.у.с.); 
  • Уюштуруу саясаты жана башкалар.

Берилген сунуштар өтүнмө берүүчү  уюм тарабынан оригиналдуу идея жана алар тараптан  иштелип чыккан болушу керек. Плагиаттын аныкталышы талапкер уюмдарды гранттык конкурска катышуудан четтетүүгө алып келет.  

УБ талапкерлер тарабынан берилген бардык материалдарды жана документтерди сактап калат. Долбоор бул маалыматты өтүнмөлөрдү карап чыгуудан башка максаттарда колдонбойт жана Кыргызстандын мыйзамдарында талап кылынган же USAID тарабынан талап кылынбаган учурларда башка адамдар же мекемелер менен бөлүшпөйт.  

Биздин донорлордун координациялоо аракеттерине ылайык, биз талапкерлердин аты-жөнүн жана алардын тиешелүү долбоорлорунун кыскача баяндамасын Кыргыз Республикасындагы ЖКУларды колдоочу башка кыргыз жана эл аралык программалар менен бөлүшө турганыбызды эске алууңуздарды өтүнөбүз.  

 

БААЛОО ПРОЦЕССИ ЖАНА КРИТЕРИЙЛЕРИ 

  Тандоо процесси бул конкурстун максаттары үчүн УБ тарабынан түзүлгөн Гранттарды кароо комитети (ГКК) тарабынан жүргүзүлөт. Эгерде өтүнмө потенциалдуу каржылоо үчүн  жыйынтыктоочу тизмеге кирсе, тиешелүү өтүнмө ээсинен кошумча маалымат суралышы мүмкүн. 

УБ төмөнкү критерийлердин негизинде сунуштарды баалайт:  

  1. Техникалык ыкма [сунушталган жалпы салмагы 60%]

а. Долбоордун дизайны жана негиздүүлүгү [30%] 

  • Өтүнмө канчалык деңгээлде сунуштарга суроо-талапка ылайык келет жана жалпы программалык жана УБнын максаттарына адекваттуу жооп берет;
  • Программанын сыпаттамасында белгиленген максаттарга ийгиликтүү жана натыйжалуу жетүү үчүн долбоордун дарамети (потенциалы) 
  • Долбоорго инновациялык жана потенциалдуу кайталануучу ыкмалардын канчалык деңгээлде киргизилгендиги;
  • Долбоордун ишинин USAIDдин башка программалары же башка чет өлкөлүк техникалык жардам жана окутуу программалары менен координациялоо деңгээли. 
  • Долбоор канчалык деңгээлде УБнын иш планынын милдеттерин аткарат же USAID жана УБ максаттарына жетүүгө салым кошот (же долбоор USAIDдин башка долбоорунун же башка донордук долбоордун алкагында ылайыктуу максаттарга жетишеби). 
  • Долбоордун коомчулук, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана ЮСАИД тарабынан аныкталган артыкчылыктуу маселелерге шайкеш келиши; 
  • Сунушта түшүндүрүлгөндөй, долбоор чече турган маселеге жарандардын кызыгуусу; 
  • Долбоордун таасирин өлчөө жана баалоо үчүн күчтүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр.

 

  • Долбоордун таасирин өлчөө жана баалоо үчүн күчтүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөр.

  

  

в. География [10%]: 

  • Долбоор ЖКУлардын ишмердүүлүгүнө коомчулуктун кызыгуусун жаратууга жана колдоого багытталган; 
  • Долбоордун пилоттук аймактардагы алыскы же жетишерлик денгээлде тейленбеген жамааттарды камтыган деңгээли. 

 

с. Бенефициарлар [10%] 

  • Маалымдуулукту жогорулатуу, адвокаси жана/же жарандар катышкан башка иш-чараларды колдоо үчүн жарандардын олуттуу жана кеңири катышуусу пландаштырылууда;
  • Иш-чараларда волонтерлук жана жаштардын катышуусуна өзгөчө басым жасайт;
  • Максаттуу бенефициарларга кыздар, аялдар, диний жана этностук азчылыктар, майыптар жана башка маргиналдашкан топтор кирет.

 

  1. d. Башка кызыкдар тараптар (стейкхолдерлер) менен кызматташуу [10%]

  

  • Долбоордун максаттарына натыйжалуураак жетүү үчүн ЖКУлар менен өкмөт, ЖМК жана жарандардын ортосундагы кызматташтык;
  • Долбоордун максаттарына жетүү үчүн адвокасиге, жарандык активдүүлүк жана технология боюнча инновациялык ыкмаларды ишке ашыруу үчүн тажрыйба жана ресурстар менен бөлүшүү боюнча ЖКУлар ортосундагы кызматташтыктын деңгээли. 
  1. Уюштуруучулук, техникалык жана башкаруучулук мүмкүнчүлүктөр жана мурунку иштер [сунушталган жалпы салмагы 40%] 

 

а. Техникалык жана башкаруу потенциалы [15%] 

Долбоорду белгиленген мөөнөттө ийгиликтүү ишке ашыруу жана максаттуу натыйжаларга жетишүү үчүн өтүнмө ээсинин техникалык жана башкаруу потенциалы. Бул мониторинг жана баалоону камтыйт: 

  • Өтүнмө ээсинин жана сунушталган иш-чараларды ишке ашырууга берилгендигин көрсөткөн жана максаттуу индикаторлорго жетишүүгө сапаттуу мониторинг жүргүзүү, аралык жана акыркы натыйжаларды баалоо жана андан аркы иш-чараларды пландаштырууда топтолгон тажрыйбаны колдонуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп турган өткөн тажрыйбасы. 
  • Долбоордун отчеттуулугуна мониторинг жана баалоо үчүн тиешелүү механизмдерди, планды жана жооптуу кызматкерди камсыз кылуу. Мониторингдин планында жана баалоодо сөзсүз түрдө бюджеттин статьясы камтылышы керек.

  

 

в . Уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү [15%] 

  •  Өтүнмө ээсинин жалпы финансылык туруктуулугу;  
  • Өтүнмө ээсинин уюштуруу түзүмү жана жогорку деңггэлдеги башкаруу практикасы;  
  • Долбоордун ишинде жетекчилик команданын жана долбоор тарабынан сунушталган кызматкердин тажрыйбасы жана билими; 

 

с. Жумуш/иш тажрыйбасы [10%] 

 

  • Сунушталганга окшош иш-чараларды жүргүзүүдө оң натыйжаларга жетишүү боюнча ийгиликтүү тажрыйба;
  • USAID/башка донордук уюмдар менен иштөө тажрыйбасы жана отчет жана отчеттуулук талаптарын аткаруу жөндөмдүүлүгү;
  • Программанын жыйынтыгы боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо жөндөмдүүлүгүн көрсөтөт.

  

  1. Экономикалык натыйжалуулук (ылайыктуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө карата каралат, бирок баалоодо фактор болуп саналбайт)  

 

  • Бюджет (i) толук болушу жана толук документтештирилиши керек, (ii) негиздүү жана (iii) бюджеттин тиешелүү категорияларына бөлүнгөн болушу керек.
  • Бюджет сунушталып жаткан иш-чаралар менен каражаттардын болжолдонгон пайдаланылышынын ортосундагы так жана түз байланышты көрсөтүшү керек; 
  • Сунушталган чыгымдар жеткиликтүү жана долбоорго тиешелүү болушу керек.

 

ТАЙМЛАЙН  

  Конкурстун башталыш убактысы:   2024-жылдын 26-июнунда 
  

Тактоо үчүн суроолорду берүүнүн акыркы мөөнөтү 

2024-жылдын 19-июлуна чейин.  
  Түшкөн суроолорого   жооп берүү  убактысы:  2024-жылдын 25-июлу. 
СУНУШТАРДЫ БЕРҮҮНҮН  акыркы мөөнөтү   Бишкек убактысы боюнча   2024-жылдын 1-августу 18.00 
  Сунуштарды баалоо  2024-жылдын 15-августу  
 Ийгиликтүү талапкерлерге грант ыйгаруу жөнүндө билдирүү  2024-жылдын  

2-сентябры 

  

Гранттык макулдашууга кол коюу      2024-жыл октябрь   
  Баалоо жана сыйлык берүү датасы өзгөрүшү мүмкүн экенин эске алыңыз. 

 

 

  

  

БАЙЛАНЫШ МААЛЫМАТЫ   

Өтүнмөнүн  формасы: Анкетаны жүктөп алуу үчүн www.procurement.kg жана www.tenders.kg веб-сайттарындагы конкурстук кулактандыруу менен таанышыңыз.  Же болбосо, талап кылынган формаларды жана тиешелүү текшерүү баракчаларын алуу үчүн гранттарды башкаруу департаментине кайрылыңыз grants_kg@ewmi-kg.org 

Түшүндүрмөлөр: Талапкерлер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө УБнын  Гранттарды башкаруу департаментине grants_kg@ewmi-kg.org электрондук почтасы аркылуу түшүндүрмө берүү өтүнүчтөрүн бериши керек. УБ  бардык кызыкдар уюмдарга электрондук почта аркылуу түшүндүрмөлөрдү жөнөтөт. 

 Сунуштар: Талапкерлер өз сунуштарын жана талап кылынган документтерди УБнын Гранттарды башкаруу департаментине grants_kg@ewmi-kg.org электрондук дарегине тапшырышы керек. Каттын темасында “CfA#02: Жарандарга мамлекеттик жөлөкпулдарга жана документтерди алууга мүмкүнчүлүктү кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү үчүн грант” деп көрсөтүлүшү керек. Арыздарды чапталган конвертте төмөнкү дарек боюнча берүүгө болот: ст. Юнусалиева 80, 523 кабинет. 

  

Бул грант USAIDдин “Укук Булагы” долбоорунун алкагында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин колдоосунун аркасында мүмкүн болду. Бул CfA мазмуну үчүн жалгыз гана East-West Management Institute, Inc. жана USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт. 


Вверх