Жалал-Абад “СКС” коомдук уюму адистерге сынак жарыялайт
Общественный Фонд Жалал-Абадская Сельская Консультационная Служба
ЖАРЫЯ! КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!!!
Жалал-Абад АКК (Айылдык Консультациялык Кызматы) коомдук фонду
- «Мал чарбасы»,
- «Маркетолог»,
- «Финансылык сабаттуулук»
- IT адистиктери боюнча тренерлерге СЫНАК жарыялайт:
Жалал-Абад жана Ош облустарындагы пилоттук айылдарда калктын тандалган катмарларына жогоруда аталган багыттар боюнча окуу-тренингдер өткөрүлөт (аймактарга иш сапарга чыгуу менен коштолот)
КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:
- Билими жогорку;
- Аталган адистиктер боюнча тажрыйбасы бар;
- Долбоорлордо иштеген, тренинг өтүү шыгы бар;
- Аймактарга иш сапарга чыгууга мүмкүнчүлүгү бар;
- Персоналдык компьютерди колдоно билген;
- Команда менен тил табышып иштей алган;
- Өтүлгөн тренингдерине отчет жазууга шыктуу;
- Кыргыз тилинде эркин сүйлөй алган жана тренинг өтө алган;
- Автоунаасы болсо (кошумча артыкчылык);
- 25-60 жашка чейин айымдар жана мырзалар катыша алышат;
МИЛДЕТТЕРИ:
– Фермерлерди уюштуруу, өз ара жардамдашуу топторун түзүү;
– Айыл жерлеринде тургундарга тренинг өтүү жана
консультация берүү;
-Өтүлгөн тренингдер боюнча натыйжалуу отчет берүү;
-Модуль, таркатма материалдарды жана окуунун
программасын даярдоо;
ШАРТТАР
Талап кылынуучу документтер: адистигин тастыктаган диплому, резюмеси
Сынакка катышуу үчүн: айтылган документтерди rasja@rasja.kg электрондук почтасына жөнөтүү же төмөнкү дарек боюнча алып келип тапшыруу керек: Жалал-Абад ш., Курманбек көчөсү-10 Б, 2024-жыл 24-июль, саат 12:00гө чейин тапшыруу керек!
Жогоруда коюлган талаптарга жооп берген кандидаттар гана аңгемелешүүгө чакырылат!
Байланыш номерлер: 0770 44 01 02; 0772 01 01 11.